Кыргызстандык жигиттердин "Мy name is" чыгармасы "Евровидение" сынагында жаңырды (видео)
RU

Кыргызстандык жигиттердин "Мy name is" чыгармасы "Евровидение" сынагында жаңырды (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Евровидение" сынагынын ачылышында кыргызстандыктардан түзүлгөн "D Billions" музыкалык тобунун "Мy name is" аттуу чыгармасы аткарылды. Бул тууралуу топтун мүчөлөрү социалдык тармактагы баракчаларына жарыялаган.

Италияда өтүп жаткан музыкалык сынактын ачылышында аталган чыгарманы чет элдик аткаруучулар аткарган.

Белгилей кетсек, "D-Billions" чыгармачыл тобунун YouTube'да 12 миллиондон ашык катталуучусу жана 11 миллиарддан ашык көрүлгөн видеолору бар. Алар балдарга арналган ар кандай ырларды чыгарышат.

"Му name is" ыры социалдык тармактарда аябай популярдуулукка ээ болуп, чет жактарда да аткарылып келет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6676