Депутаттын сууга агып кетиши. ӨКМ өз версиясын айтып берди
RU

Депутаттын сууга агып кетиши. ӨКМ өз версиясын айтып берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Панфилов айылдык кеңешинин депутаты Бакир Исаковдун сууга агып кеткендиги боюнча өз версиясын айтып беришти.

ӨКМдин басма-сөз кызматы берген маалыматка ылайык, 112 кыска номерине Бакир Исаковдон билдирүү келип түшкөн. Ал Суусамыр өрөөнүндө, дарыядагы аралчада калып калган атын куткарууну суранган.

"Бир нече жолу телефон чалганынан дежур кызматкерлер дарыяга суу кирип, аябай кооптуу болуп калганын эскертишкен. Бирок Исаков атын чыгарууну талап кылган. 11-майда болжол менен саат 11:00до өзү кайык менен сууга түшмөкчү болот, аны коштоп куткаруучу да кайыкка отурган. Суунун агымы аябай катуу болгондуктан кайык оодарылып кеткен.

ӨКМдин куткаруучулары аны сактап калууга аракет кылышты. Тилекке каршы, Исаков жээкке чыга албай койгон.

Окуя болгондон кийин куткаруучулар ага издөө салышкан. Бирок азыркы күнгө чейин табыла элек", - деп ӨКМден билдиришти.

Ведомство белгилегендей, Исаковго бир нече жолу эскертүү берилген. Аны 20 куткаруучу жана 5 водолаз издеп жатышат.

Эске салсак, сууга чөгүп кеткен депутаттын карындашы Назима Исакова анын агасы үй бүлөсу менен бул жерге иштегени келгенин айтып берген. 11-майда Исаковдун аты дарыядагы аралчада калып калып, ал ӨКМге атымды куткаргыла деп кайрылган.

Исакованын айтымында, кайыкка эки киши анын агасы жана бир куткаруучу болуп отурушкан. Бир канча убакыттан кийин кайык оодарылып, трос үзүлүп кеткен. Исаков куткаруучуну буту менен жээкти көздөй түртүп, өзү суудан чыга албай калган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6680