Бириккен Араб Эмираттарынын президенти каза болду
RU

Бириккен Араб Эмираттарынын президенти каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 13-майда Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) президенти Халифа бин Зейд Аль Нахайян узакка созулган оорудан кийин 74 жашында каза болду, деп билдирет Lenta.ru.

"Президенттик иштер министрлиги БАЭнин президенти каза болгондугуна байланыштуу араб жана ислам элине, бүткүл дүйнөгө көңүл айтат", - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

2014-жылы мамлекет башчы инсульт болуп, оор операция жасалган. Ошондон кийин эл алдына сейрек чыга баштаганы айтылат. Анын бир тууганы, Абу-Дабинин борбор эмиратынын ханзаадасы Мохаммед бин Заид Ан-Нахян иш жүзүндө БАЭнин башкаруучусу болуп калды.

Халифа бин Зейд Аль Нахайян 2004-жылы ноябрда Бириккен Араб Эмираттарынын президенти болуп, маркум атасы шейх Заид бин Султан Аль Нахайяндын ордуна келген.

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарынын Президентинин каза болгондугуна байланыштуу Абу-Дабинин мураскор ханзаадасы шейх Мохаммед бин Заид Ан-Нахянга жана Бириккен Араб Эмираттарынын Вице-президенти шейх Мохаммед бин Рашид Аль Мактумга көңүл айтты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6682