Түркмөндөрдүн жаңы президенти аялдарды жек көрөбү?
RU

Түркмөндөрдүн жаңы президенти аялдарды жек көрөбү?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түркмөнстандын жаңы президенти Сердар Бердымухамедов аялдарга тиешелүү бир катар чектөөлөрдү киргизди. Аялдарга чачын боетуп, кирпик чаптоого болбойт. Жада калса, көчөдө жетелешип басууга да тыюу салынды. Анткени мындай жүрүм-турум "улуттук баалуулуктардын" бузулушуна алып келет.

"Чапташкан" кийим

Аялдарга улуттук кийим кийүүгө гана уруксат берилет. Чапташкан кийим кийсең (анын катарына джинсы шым да кирет) айып пул салынат.

Тырмак боеп, кирпик коштуруу

Мындан ары булардын бардыгын жасатууга болбойт. Ушундай кызмат көрсөткөн мастерлер 15 күнгө камакка алынат.

Чач боё

Үйдөн да, салондон да чач боетконго болбойт.

Эринди, көкүрөктү чоңойтуу

Бул процедураларга да толугу менен тыюу салынды. Андан тышкары, полиция көчөдө басып бараткан аялдарды токтотуп, эриндерин кармап текшерип көрүүгө акысы бар. "Ботекиспи же ботекис эмеспи" деп.

Машинеге тиешелүү тыюулар

Аялдардын бардыгына машине айдоого болбойт. Аялдардын бардыгына машинедеги алдыңкы орунга отурганга болбойт. Аялдардын бардыгына кечки сегизден кийин үйдөн чыгууга болбойт, машине менен дагы. Күндүз машиненин артына отурса болот. Бирок эркек тууганыңдын коштоосунда гана. Ошондо да экөөң бири-бириңе тууган экениңди документ менен тастыктап беришиңер керек. Болбосо штраф $2000.

Бул айда, аялдарга чет өлкөгө чыгууга тыюу салуу маселеси Түркмөндөрдүн Жогорку Кеңешинде каралат.

Кызыгы, бул чектөөлөр боюнча расмий жарыяланган эмес, жана себеби түшүндүрүлгөн жок.

Компаниялардын кызматкерлеринин айтымында, жетекчилик атайын чогулуш өткөрүп, жаңы эрежелер киргенин жарыялашкан. Алар аялдардын кийимине, косметикалык процедураларга, сырткы келбетине тиешелүү. Бирок эч ким эмне үчүн мындай чектөөлөр киргизилип жатат деген суроого жүйөлүү жооп берип же тиешелүү документ көрсөтүп бере алышкан жок.

"Жаңы президентибиз аялдарды жек көрөт окшойт. Түркмөнстанда эч кандай тең укуктуулук жок. Түркмөндөр бийликке нааразычылыгын чанда гана билдиришет. Бирок бул акыркы тамчы болуп калышы мүмкүн", - дейт Балкан велаятынын тургуну.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6686