Кыргыз апалардын урушкан сөздөрү балалыгыңызды эске салат
RU

Кыргыз апалардын урушкан сөздөрү балалыгыңызды эске салат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 15-майда Кыргызстанда энелер күнү майрамдалып жатат. Бул эң жарык, эн жылуу майрамдардын бири. Бул күнү бир да апа көңүл сыртында калбаш керек. Апаңызга телефон чалып, куттуктап койгонду унутпаңыз. Антпесе уруш жеп калышыңыз мүмкүн. Апалардын көбү бирдей урушат эмеспи: ачуусу келет, бирок барыбир жакшы көрөт.

Биз ар бирибиз бала кезде апабыздан уккан сөздөрдү эстеп, чогулттук. Азыр өзүбүз да балдарыбызды ушинтип урушсак керек.

Элдин көзүнчө ашыкча тентек кылганда

"Сениби шашпа, үйгө барганда сүйлөшөбүз"

Үйдөн ашыкча тентек кылганда

"Сениби, шашпа, атаң келсин"

Бир нерсени төгүп, чачып же сындырып алганда

"Сындыр, талкала, сеники беле!"

Жасаган тамагың жакшы болбой калса

"Кайненең казанды башыңа кийгизет го!"

Бир жерге жибербей койгондо

"Суутуп коюптурбу! Үйдө отур!"

Дем алыш күнү эртең менен саат 8де

"Түшкө чейин уктап жата бересиңби! Саат 10 болду! Элдин балдары/кыздары: үйлөрүн жыйнап бүттү, малды жайлап коюп, суу ташып, чөп чаап бүтүрүштү, Россияга барып миллион доллар таап, үй салып, машине алып, үйлөнүп/күйөөгө тийип, бала-чакалуу болуп калды ж.б."

Сен суранган нерсени алып бере албаганда

"Мени сат!" же "Мен сага акча чыгарган завод белем!"

Кандай кийим кийсем, деп кеңеш сураганда

"Жылаңач бар"

Бир нерсени таппай жатканда

"Чөнтөгүмдө!" же "Көзүңдү чоң ачып алып изде!" анда да таппасаң "Азыр мен тапсам, көзүңдү чукуйм!"

P.S: Кызыгы, апалар дайыма таап чыгат, бирок көздү чукубайт.

Апалардын эркелеткен сөздөрү да окшош:

сасыгым, күчүгүм, жаным, кара жаным, алтыным, көлөкөм, берекем. Андан тышкары кандай ат болбосун, сонун жана жагымдуу кылып кыскартып алышат: Аку, Наку, Таку, Маку, Жаку, Гүкү, Нүкү...

Апаңды майрамы менен куттуктап, бир нерсе алып берип, көңүлүн көтөрөйүн десең

"Ай тим эле койчу, убара болбо! Андан көрө өзүңдүн керегиңе жаратып ал!"

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6688