Шайырсызбы же ыйлааксызбы? Муну окуп темпераментиңизди билип алыңыз
RU

Шайырсызбы же ыйлааксызбы? Муну окуп темпераментиңизди билип алыңыз

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Психология адамдарды темпераментине жараша 4 түргө бөлөт. Алар: холерик, сангвиник, флегматик, меланхолик. Адамдын темпераменти анын кыймыл аракетин, кандайдыр кырдаалга болгон мамилесин жана кыйынчылыктарды кандайча жеңип чыга тургандыгын көрсөтөт. Эмесе, окуп өзүңдүн темпераментиң кандай экенин билип ал.

Холериктер

Чечкиндүү, маалыматты тез кабыл алат, бетке айтат. Кыймыл аракети шар, бир ишти баштаса тез бүтүргөнгө аракет кылат. Таарынчаак эмес, кек сактабайт. Сүйлөгөндө да абдан жандуу, колу менен жаңсап, отура калып, тура калып окуяларды айтып берет. Чечимди тез кабыл алат жана дароо ишке ашырат.

Холериктердин кемчиликтери: Өтө шашма. Чыдамы жок, бир жерде отура албайт. Жакын адамдары менен орой сүйлөшөт, чорт кесип айтат. Иштин майын чыгара жасай албайт. Бат эле туталанып кетет, жини мурдунун учунда.

Сангвиниктер

Шайырлыгы менен өзгөчөлөнүп турат. Маанайы көпчүлүк учурда көтөрүңкү. Жашоодогу кыйынчылыктарды жеңил кабыл алат, же болбосо такыр көңүл бурбайт. Кандай кырдаал жаралбасын оңой-олтоң көнүшүп, ыгын таап кетет. Иштемчил, чыдамкай. Стресске кабылганда ачууга алдырбайт, сабырдуу.

Сангвиниктердин кемчиликтери: Жасап жаткан ишинин кызыгысы тараса, ойлонбостон таштап коет. Күнүгө кайталанчу бир түрдүү ишти, кылдаттык менен, көңүл коюп аткара албайт. Тез эле тажап кетет. Чечимдерди шашылыш кабыл алат. Эрки бош.

Флегматиктер

Бир мүнөз болот. Оор басырыктуу, чыдамкай, кайраттуу. Баштаган ишин ар дайым аягына чыгарат. Майын чыгарып жасайт. Бир калыпта жашаганды жактырат. Бардыгын эске алып, эсептеп, так жүрөт. Кекчил эмес. Ага карата айтылган сын жана тамашага маани бербейт. Бардык жерде тартипти сактап жакындарынан да ошону талап кылат. Эс тутуму мыкты. Булар ишеничтүү адамдар. Ичиндеги сезимдерин сыртка чыгарбайт.

Флегматиктердин кемчиликтери: Эмоцияларын көрсөтпөйт. Ичинде эмне болуп жатканын жакшы көрүп же жаман көрүп жатканын түшүнө албайсың. Кыймылы жай. Жаңы шарттарга, адамдарга оңойу менен көнүшө албайт. Мыжыкый, майдачыл.

Меланхоликтер

Сезимтал. Сынды жана мактоону жакын кабыл алат. Адамдарды бир карап кандай киши экенин адашпастан аныктайт. Мыкты психолог. Башкаларды уга билет. Өзүнө жана жакындарына талапты жогору коет. Абдан эмоционалдуу. Боорукер. Тынчын албаса жигердүү эмгектенет. Чын дилинен кубанып, чын дилинен кайгырат.

Меланхоликтердин кемчиликтери: Таарынчак, кекчил. Уялчак, түнт, чечкиндүү эмес. Тааныш эмес чөйрөдө өзүн жоготуп коет. Көпчүлүктү сүйбөйт. Жалгыздыкты жактырат. Үнүн акырын чыгарып сүйлөйт. Орой мамилени көтөрө албайт. Кенедей нерсеге деле санаа тартып кайгыра берет.

Маалымат Bilesinbi.kg сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6690