Садыр Жапаров Москвага келди. Аны кантип тосуп алышканы айтылган жок
RU

Садыр Жапаров Москвага келди. Аны кантип тосуп алышканы айтылган жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

15-майда Садыр Жапаров Жамааттык коопсуздук келишиминин уюмуна мүчө мамлекеттердин башчылары менен жолугушуу үчүн Москва шаарына учуп келген. Кыргызстандын президентинин учагы "Внуково 2" эл аралык аэропортуна келип конгон.

Мааракелик жыйын бүгүн, 16-майда өтөт. Салтанаттуу иш чара Келишимдин 30-жылдыгына карата уюштурулган.

Ошол эле учурда, президенттин администрациясынын басма сөз кызматы Садыр Жапаровду Москвада кантип жана кимдер тосуп алгандыгы тууралуу маалымат берген жок. Мурунку чет өлкөлүк сапарларында, пресс-кызматы расмий тосуп алуу иш чараларындагы сүрөттөрдү байма-бай жарыялачу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6695