Атын куткарам деп сууга агып кеткен кишинин сөөгү табылды
RU

Атын куткарам деп сууга агып кеткен кишинин сөөгү табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Атын куткарам деп жатып өзү агып кеткен эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Аны издөөгө ӨКМдин түрдүү бөлүктөрүнөн 33 куткаруучу, алты водолаз, ИИМдин он кызматкери, жана каза болгондун 15 тууганы тартылган.

Бүгүн, 16-майда, Суусамыр дарыясында табылган 42 жаштагы Бакир Исаковдун сөөгү үй-бүлөсүнө берилди.

Эске салсак, ал үй-бүлөсү менен Суусамыр өрөөнүнө келген. 11-майда аты дарыядагы аралчада калып калган. Бакир Исаков ӨКМге кайрылыпжардам сураган. Ал өзү жана бир куткаруучу желим кайыкка отуруп, дарыяга түшкөн. Бирок кайык оодарылып, аны кармап турган тросс үзүлүп кеткен. Куткаруучу жээкке сүзүп чыккан, ал эми Исаковду суу агызып кеткен болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6697