Темирлан Султанбеков "Социал-демократтардын" лидери болуп дайындалды
RU

Темирлан Султанбеков "Социал-демократтардын" лидери болуп дайындалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сеид Атамбаев кызматынан кетип, анын ордуна 22 жаштагы Темирлан Султанбеков "Социал-демократтардын" төрагасы болуп шайланды. Бул тууралуу партиянын мүчөсү Нурхан Жумабаева Facebook'ка жазган.

Белгилүү болгондой мындай чечим партиянын съездинде кабыл алынган. Мурунку жетекчи Сеид Атамбаев кызматынан өз каалоосу менен кетти.

Белгилей кетсек, Темирлан Султанбеков 1998-жылы 12-сентябрда, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында төрөлгөн.

"Эл аралык мамилелер" программасы боюнча "Экономиканын жогорку мектеби" Улуттук изилдөө университеттин Дүйнөлүк экономика жана дүйнөлүк саясат факультетинде билим алган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/669