УКМК кызматкерине пара берүүгө аракет кылган адам кармалды (видео)
RU

УКМК кызматкерине пара берүүгө аракет кылган адам кармалды (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын кызматкерлери Ош облусунун тургунун пара берип жаткан жеринен кармашты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын 12-майында Кадамжай шаарында 25 тонна минералдык жер семирткичтерди мыйзамсыз ташып бараткан жүк ташуучу унаа кармалган. Автотранспортту Ош облусунун Ноокат районунун Бел айылынын тургуну Р.Р.Ч айдап бараткан.

А.П. жүк контрабандалык жол менен алынып келингенин мойнуна алган. Бул фактыны жашыруу үчүн кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу максатында УКМКнын кызматкерлерине акча сунуштаган. Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши катталган.

Ошол эле күнү А.П. УКМКнын кызматкерине 200 миң сом берүүгө аракет кылып жаткан учурда кармалган.

Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6707