Бул 5 кадам кесип тандаганга жардам берет
RU

Бул 5 кадам кесип тандаганга жардам берет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Психолог Асель Суюнбаева өспүрүмдөргө жашоодо эмне кылууну кааларын түшүнүүгө жардам берген беш кадамды сунуштайт.

1-КАДАМ. Эмнеге кызыга турганыңды тап

Ар бир адамдын туубаса жөндөмү болот. Аны изилдеп таап, өрчүтүп, ошого жараша кыймылдаш керек. Эч качан "менин талантым жок",-деп ойлобо. Мисалы, сен мыкты сүрөт тартасың дейли. Бирок эл алдына чыгып сүйлөй албаганыңа кабатыр боло бересиң. Сага сүйлөгөндүн кереги жок, анткени сен укмуштуудай сүрөттөрдү жаратып жатпайсыңбы! "Күндө тажабай эмне кылат элем?" Жакшылап ойлонуп, ушул суроого жооп бер. "Уктайт элем" деген жооп болбойт.

2-КАДАМ. Кызыккан нерсеңдин даамын татып көр

Туура эмес кесип тандап убакытыңды текке кетирип албаш үчүн, окууга жайга тапшырганга чейин аракет кыл. Кесиптерге багыт берүүчү тесттерден өт. Интернетке кирип "Бесплатные тесты на профориентацию" деп жазсаң толтура чыгат. Ошолордун баарына чын дилиң менен жооп бер, жыйынтыгына жараша иш кыл. Мүмкүнчүлүк болсо сени кызыктырган тармакта стажировкадан өт же иштеп көр. Волонтер бол, бул дагы чоң багыт берет.

3-КАДАМ. Ата-энеңе жакшылап түшүндүр

Ачууга алдыруунун кереги жок. Ата-энеңди диалогго чакырып, ачык отуруп сүйлөш. "Ата, апа, мен жөн жерден жок деген жокмун. Силер сунуштаган кесипке жөндөмүм жок. Мен буга кызыгам." Эмне үчүн ал кесипке кызыгарыңды фактылар менен айт. Мисалы, "мен мугалим болгум келет, анткени балдар менен иштеген жагат",- десең болот. Ошондой эле, эмне үчүн алар сунуштаган кеипти жактырбай жатканыңдын себептерин түшүндүр.

4-КАДАМ. Акчаны эмес, кесипти танда

Эч качан "бул жумуштан көп акча таап жатышат, мен дагы ошол жакка барайын",- деп, ойлобо. Эгер кесипти акчага карап тандасаң, чоң ката кетиресиң. Элестет, өзүңө жакпаган нерсе менен кантип алектенип, кантип ырахат алаласың. Кесипти айлыкка карап тандаба, көпчүлүктүн жасап жаткан ишине көз чаптырба, өзүңүзгө жаккан нерсени жаса, ошондо көп табасың.

5-КАДАМ. Жүрөгүңдү ук

Кесип ээси болуш үчүн сөзсүз эле жогорку билим алуунун кереги жок. Мурда ошондой болчу, азыр жөндөмүңдү өрчүтүүгө мүмкүнчүлүктөр толтура. Өзүңдү ар тараптан өнүктүр. Кесип тандоо - бул сенин гана тандооң. Конфуцийдин: "Өзүңө жаккан жумушту танда, ошондо өмүрүңдө бир күн да иштебейсиң", - деген сөздөрүн эсиңе түйүп ал. Жашоодо ар кандай учурлар болот, бирде утсаң, бирде жеңилесиң. Бирок, бул сенин ийгилигиң жана кемчиликтериң гана болот. Ошондуктан, жүрөгүңдү ук!

Маалымат Bilesinbi.kg сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6719