Президенттин коомдук кабылдамасында конфликт болду
RU

Президенттин коомдук кабылдамасында конфликт болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 17-майда онкологиялык оорудан жабыркаган балдардын ата-энелери менен президенттин коомдук кабылдамасындагы кызматкердин ортосунда пикир келишпестик орун алды.

Эске салсак, бүгүн Бишкекте онкологиялык оорулуулардан жабыркаган балдардын ата-энелери митинг өткөрүүдө.

Коомдук кабылдамада Садыр Жапаров Москвадан келе элек деп митингчилерге айтышкан. Натыйжасында кызматкер менен ата-энелердин ортосунда конфликт болду. Ал митингге чыккандарды адистер кабыл алат деп билдирди.

Бирок ата-энелер президент өзү бизди кабыл алсын, деп талап кылышты. "Биз президенттин аялы менен да, министрдин өзү менен да жолуктук эч кандай биздин проблема чечилген жок", - дейт келген ата-энелердин бири.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6721