Судьялардын кабинеттерин тоногон учур видеого тартылып калган. Шектелүүчү кармалды
RU

Судьялардын кабинеттерин тоногон учур видеого тартылып калган. Шектелүүчү кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Оштогу борбордук криминалдык милициянын ыкчам кызматкерлери Бишкек шаардык соттун судьяларынын кабинеттерин тоноду деп шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу Биринчи май районунун ИИБси маалымдады.

Белгилүү болгондой, 2021-жылдын 9-февралдан 10-февралга караган түнү, Бишкектин Биринчи май райондук сотунун имаратына белгисиз адамдар кирип, судьялардын кабинеттерин тоношкон.

Бул факт Биринчи май районунун кылмыштарды каттоо реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган. Келтирилген зыян аныкталууда.

Шектелүүчү 1991-жылы туулган К.Х. экени белгилүу болду. Ал Ош шаарынан тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайда отурат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/672