Алматыда салмагы 6 килограмм кыз төрөлдү
RU

Алматыда салмагы 6 килограмм кыз төрөлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Биз чоң бала төрөлө турганын күткөнбүз, бирок мынчалык чоң болоорун билген жокпуз. УЗИ ымыркайдын төрт килограммдан аша турганын көрсөткөн, бирок так салмагын аныктоо мүмкүн эмес", - дейт төрөт үйүнүн неонатология бөлүмүнүн башчысы Диляра Сыртанова.

Кошумчалай кетсек, бала кесердик кесүү аркылуу эмес табигый жол менен төрөлдү. Келиндин биринчи баласынын да салмагы чоң, 4 килограмдан ашык төрөлүптүр.

Бул кыз Алматы шаарындагы №2-төрөт үйүнүн тарыхында эң чоң ымыркай болуп калды. Эне менен бала 10 күн дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, кийин үйүнө чыгып кетишкен. Учурда алардын абалы жакшы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6736