"Жашагым келген. Мени таштап кетти". ВИЧ менен жашагандардын окуялары
RU

"Жашагым келген. Мени таштап кетти". ВИЧ менен жашагандардын окуялары

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жыл сайын майдын үчүнчү жекшембисинде ВИЧ/СПИДден каза болгон адамдарды эскерүүнүн эл аралык күнү белгиленет.

Бул күндүн урматына пресс-кафе уюштурулуп, анда ВИЧ илдетине чалдыккандар өз окуялары менен бөлүшүштү. Kaktus.media сайтынын редакторлору катышуучулардын айрымдары менен баарлашты.

Максат (аты өзгөртүлдү)

- Мен ВИЧ экенимди 2014-жылы жайында билгем. Анда 19 жашта элем. Дарыгерликти окугандыктан, медициналык текшерүүдөн өтүшүм керек болгон. Биринчи жолу экспресс-тесттерди тапшырдым, бирок жыйынтыгы терс чыкты.

Дарыгерлер оң анализ чыкпаганын айтып, мүмкүн майлуу нерсе жегенден деп божомолдошуп, бир аздан кийин кайра анализ тапшыр дешти. Алар мени ушинтип тынчтандырышканын эми түшүндүм. Бир айдан кийин кайра анализден өтүп, инфекция жуктуруп алганымды билдим. Ошентип, бир күнүмдү шок абалда өткөрдүм.

Менин абалымды досторум гана билишет жана алар бул жагдайды адекваттуу кабыл алышты. Ал эми жакындарым менин ВИЧ инфекциясын жуктуруп алганымды билишпейт. Жөн гана менин ВИЧтин алдын алуу боюнча уюмда иштегенимди билишет.

Ата-энем үчүн, тагыраагы, коом аларды жээктейби деп корком. Оор учурларда апам менен болгон окуямды айтып, бөлүшкүм келет. Менин үй-бүлөм эң жакын адамдарым, ошол эле учурда эң алыс дагы.

Мен эки жылдан кийин өлөм деп ойлогом. Ал тургай ошол учурда, инилеримди чогултуп алып, тоого алып чыгып, таттууларды алып берген кездер болгон. Алар мени боорукер жана шайыр адам катары эстеп калышын каалагам.

Мага окшоп өзүндө инфекция бар экенин билген адамдарга кайрылгым келет. Вич менен жашаса болот, болгону даарыны өз убагында ичип туруу керек. Белгилей кетчү нерсе даарылар бекер.

Эльнура

- Мен 29 жаштамын. Өзүмдүн статусумду төрт ай мурун уулумду төрөгөндө билдим. Ага чейин кызым бар болчу. Кичүү балама менден жуккан жок. Бул кабар мени кайнак сууга күйгүзгөндөй эле болду. Көпкө чейин өзүмө келе албай жүрдүм.

Башында инфекцияны мага жугузган жолдошум деп ойлогом. Бирок ал тесттерден өткөндө анда жок болуп чыкты. Мага тиш даарылоочу жайдан жуккан окшойт. Күйөөм бул кабарды билгенден кийин үйдөн чыгып кетти. Азыр эки баланы жалгыз тарбиялап жатам.

Менин ата-энем жок – апам бир нече жыл мурун каза болгон, атамдын Россияда башка үй-бүлөсү бар. Эжелерим мени колдошту, бирок көпкө эмес. Алар мени күйөөң багат деп айтышат.

Дарыгерлердин мага болгон мамилеси жаккан жок. Башкалар болбосо да алар бизди колдошу керек болчу, тескерисинче сыйлабастык кылышты. Бул мамиле мага эле эмес бардык оору жуктуруп алгандарга кайталанат. Эч кандай пособие да төлөнбөйт.

Евгений Мелюков

- Мен кургак учук менен ооругандар менен иштейм. Статусумду 2011-жылы билгем. Бирок, мага бир нече жыл мурун эле жуккан экен, 15 жылдай ВИЧ менен жашап келем.

Статусум ачыкка чыкканда СИЗОдо болчумун. Мага бул тууралуу тең укуктуу дарыгер маалымат бериши керек болчу. Ал өлкө боюнча жалгыз болгондуктан, жолуга албадык. Мени бир нече жолу ар кайсы мекемелерге алып барышты, бардык жерде тест тапшырдым. Эч жерде менин абалым тууралуу айтышкан жок. Колонияга түшкөндө өзүмдү жаман сезе баштадым. Бардык оорулар жабыша баштады. Мен эмне болуп жатканын түшүнө алган жокмун.

Натыйжада мага плеврит деген диагноз коюшту. Ооруканага абдан оор абалда жеткирилдим. Ал жактан мага дароо оору тууралуу маалымат беришкен жок, бирок ар кандай суроолорду бере башташты. Бул мени таң калтырган жок, анткени мен көп жыл баңгизатты колдонгом... Бирок, бул менин жашоомду кайра карап чыгууга түрткү болду. Мен жашагым келди, жашоомду оңдоп, баңгизатты колдонууну токтоттум. Кургак учуктан дарылангандан кийин бир айдан кийин дары иче баштадым, 3-4 айдан кийин өзүмдү жакшы сезип калдым.

Бишкектин ооруканасына түшкөндө мага карата стигманы сездим. Абалымды билишкенде алар мени кабыл алгылары келген жок. Атайын түзүлгөн фонд менин дарылдануума жардам берди.

Статистика

Учурда Кыргызстанда ВИЧ инфекциясынын 11 миң 381 учуру аныкталса, анын 10 миң 732си Кыргызстандын жарандары. ВИЧ-инфекциясын көбүнчө жыныстык жол менен жугузушат – 53% учур (кумулятивдүү түрдө), ал эми 2021-жылы – 82% ушул жол менен жуккан. Оорулуулардын эң көбү 25 жаштан 45 жашка чейинкилер арасында катталган. Алардын ар бир он адамдан алтоосу эркек кишилер.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6744