Садыр Жапаров: Ажылыктан акча жегендер таш эле жесин
RU

Садыр Жапаров: Ажылыктан акча жегендер таш эле жесин

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине интервью берип, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы директору Акин Токталиевдин муфтий Максат ажынын ордуна өз кишиси келет, деген билдирүүсүнө комментарий берди.

"Кудай өзү көрүп турат. Мен үчүн муфтийди мага десе башка планетадан алып келип коюп алышсын. Эң негизгиси, элибизди туура жолдон адаштырбаган, салттуу динибизди үйрөткөн муфтий болсо болду. Эмне муфтий кылып өз кишиңди коюп алсаң эле Кыргызстандын проблемасы чечилип калмак беле?

Бирөөгө арам ойду таңуулагандан мурда Кудайды эске алып коюшса жакшы болот. Кудай уруп кетет. Ажылыктан акча жегендер таш эле жесин. Эптеп ажылыкка барып келейин деп көптөгөн жылдар бою чогулткан карапайым элдин акчасын жегенден уялыш керек. Ажылыктын акчасына кызыгып атат дегендер өздөрү 100 пайыз ошондой адамдар. Ошол үчүн башканы да ошентип ойлошот", - деди Жапаров.

Эске салсак, УКМК КМДБнин башкы бухгалтерин жана экс муфтий Максат ажы Токтомушевди ири өлчөмдөгү жемкорлук иши боюнча камакка алган. УКМКнын билдирүүсү боюнча муфтият ажылыктан түшкөн каражатты жеке менчик мекемелерге үстөк пайызы менен берип келген.

Экс-муфтийдин тарапташтары УКМКнын алдына Токтомушевди бошоткула деген талап менен митингт уюштурушкан. Сот Максат ажы Токтомушевди үй камагына кое берген.

Дин башкармалыгынын мурунку жетекчиси Акин Токтоналиев, Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин кишилеринин арасында муфтият үчун саясий күрөш жүрүп жаткандыгын билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/674