Садыр Жапаров Райым Матраимовго салынган айып пул боюнча жооп берди
RU

Садыр Жапаров Райым Матраимовго салынган айып пул боюнча жооп берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине интервью берип, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовго карата чыккан соттун чечими боюнча комментарий берди.

"Райым Матраимов тергөө менен кызматташуу деген берененин негизинде күнөөсүн моюнуна алып, 2 миллиарддан ашуун акча төгүп берген. Бул бир эле эпизод менен. Кечээ сот ошол эпизод менен 260 миң сом айып пул салып, чечим чыгарган экен. Соттун ишине кийлигишпейбиз.

Мага УКМКнын берген маалыматы боюнча кошуна өлкөлөргө, Дубайга кандай операцияларды жасаганы жөнүндө, банктык эсептери жана мүлктөрү боюнча суроо салып, кат жөнөтүшкөн экен. Алардын жообу келсе иш уланат. Бул бойдон калбайт. Ошондуктан эл сабырдуу болуп туруш керек. Ар бир иштин бүтчү күнү болот. Ар кайсы күчтөр же алардын артында акча каражат менен камсыздап, "Кыргызстанга бүлүк салгыла, жекшемби сайын митинг уюштургула" деп буйрук берип турган күчтөрдү да билебиз. Баары толук көзөмөлүбүздө. Ошолордун жетегине кирип кетпегиле. Баш аламандык болуп кетсе алар элдин тагдырына жооп бербейт", - деди Жапаров.

Эске салсак, 20-октябрда УКМК бажы кызматынын жетекчисинин экс-орун басары Райымбек Матраимовду камакка алган. Тергөө Матраимовдун бюджетке келтирген зыяны 2 млрд сом деп баа берди. Ага жооп катары Матраимов тергөө менен кызматташып, көрсөтүлгөн сумманы төлөп берүүгө милдеттенген. Бул өтүнүч арызы Матраимов мамлекетке зыян келтирген жана коррупция менен алектенгенин моюнга алды дегендик.

КРдин Кылмыш кодексинин 319 "Коррупция" беренесине ылайык, ал 10 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы керек болчу. Бирок, Матраимов айып пул менен эле кутулуп кетти.

АКШнин бийлиги Райымбек Матраимовду жана анын аялы Уулкан Тургунованы Магнитский тизмесине киргизген. Кийинчерээк жубайлар фамилияларын өзгөртүп алганы белгилүү болду. Эми алар Райым Ысмайылов жана Уулкан Сулайманова.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/675