Россиялык ЖМК Ташиевди айыптады. Бул эскертүү берүүбү?
RU

Россиялык ЖМК Ташиевди айыптады. Бул эскертүү берүүбү?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Комсомольская правда" Кыргызстан тууралуу материал жарыялаган, ал түздөн-түз УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевге тиешелүү.

Материалда Кыргызстандын саясий төбөлдөрүнүн арасында Россия менен мамилени өзгөртүп, кызматташуудан баш тартууну каалаган топ пайда болду деп жазылган. Алар батыш өлкөлөрү менен, биринчи кезекте АКШ менен шериктеш болугусу келет, АКШнин базасы Бишкектеги эл аралык аэропортто турган кезди ностальгия менен эскеришет, алар ошол көрүнүштү кайра кайтаргысы келет, деген божомолдоолор келтирилет.

Басылма Ташиевди республиканын батыш тарапка өнүгүүсүн каалаган лидерлерди бири деп айыптады.

Кыргызстандык маалымат каражаттарындагы антироссиялык материалдардын байма-бай жарыяланышынын да Ташиевге тиешеси бар дейт "Комсомольская правда". Аны менен катар, мамлекеттик деңгээлде саясий чечимдерди кабыл алууда да Россияга каршы кадамдар жасалууда. Маселен, айрым маалымат булактар билдиргендей, Москванын Украинадагы гуманитардык абалы тууралуу БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясын даярдоого катышуу сунушун да Ташиев тоготпой койгон, деп материалда айтылат.

Бул макаланы кыргыз коомчулугу ар кандай кабыл алды. Россиялык басылманын ой толгоосу чындыкпы же Кыргызстан жетекчилигине эскертүү берүү болуп саналабы? Kaktus.media бул боюнча эксперттердин пикирин чогултту.

Медет Төлөгөнов, саясий серепчи

- Кремль буга чейин деле Кыргызстанды ар багыттагы өнүгүү жолун тандап алганы үчүн кекетип келген. Анткени алардын оюу боюнча "партиянын чегинен чыгууга жол берилбейт". "КПнин" максаты - "биз өнөктөштөрүбүздү бир паста эсине келтиребиз" дегенди россиялыктарга көрсөтүү. Бул Москвадагы расмий чөйрөнүн биз тарапка берилип жаткан эскертүүсү экени түшүнүктүү. Телевидениедеги ток-шоусунда, биз 9-майды кантип майрамдашыбыз керек экенин талкууга алышкан. "КП" биринчи эмес. Бирок жогорку рангда турган адамды айыптоо - мындай көрүнүш биринчи жолу болуп жатат.

Бул нерсени мындай түшүнсө болот: "Кайда бөлүнмөк элеңер? 9-майды да туура эмес белгиледиңер, АКШ менен кызматташкыңар барбы?". А балким, бизди уруштургусу келип жатышат.

Чынында, бул РФтин башка өнөктөштөрүнө да сигнал. Оор заманда бирге болуу зарыл.

Кыргызстан көп багыттуу саясат жүргүзүүгө аракет кылып келет. Өзбекстан менен Казакстан үчүн да бул курч турган маселелердин бири. Алар акыркы жылдары түндүк тараптагы коңшусун кооптону менен карачу болушту.

Бир чети бул расмий эмес билдирүү, алар менен кайым айтышуу акылсыздык. Бирок өлкө башчылары үчүн мындай материалдын жарыяланышы таарынчудай эле. Себеби Россиядан кол үзүү эч кимге пайда алып келбейт, деген сөзү тымызын айтылган коркутууга окшоп жатат.

Кубат Султанбеков, саясий серепчи

- Эгер макала чет элдик ЖМКга жарыяланса, бул маалыматтын чындыкка дал келгендиги жана бизге карата айтылганы анык эмес.

Камчыбек Ташиев бийликте оорчундуу орунду ээлейт. Ал президент экөө дос экенин көп ирет баса белгилеген. Аракетти эки башка болуп жатат дегендин өзү орунсуз. Материалдагы маалымат президент жасап жаткан иш аракеттерге каршы келип жатпайбы. Жакынкы күндөрү эле ЖККУнун саммити өтүп, президент РФтин башчысы Владимир Путин менен жолукту. Бул маалыматтын бардыгы жогорудагы материалга карама-каршы келүүдө.

Ал эми Ташиев өлкө башчынын курсунан чыгып кетти дегени да чындыкка дал келишпейт.

Кыргызстандын жетекчилиги бул публикацияга реакция жасашы керек, анткени "КП" бир күндүк сайт эмес.

Алмаз Тажыбай, саясий серепчи

- Негизи россиялык расмий структуралар расмий эмес жактардын билдирүүлөрүнө реакция кылышпайт. Кыргызстан дагы буга маани бербей эле койгону оң. Анын үстүнө, мындай сөздү расмий түрдө каржыланган Кеосаян же Симоньян сыяктуу журналисттер айткан жок.

Бизди эмне деп айыптаса дагы, өзүбүз чечип алабыз. Антпесе, өлкөнүн ички жашоосуна кийлигишүү болуп калат.

Ар бир өлкөнүн өзүнүн ой жүгүртүүсү бар лидерлери болот. Анын үстүнө "КП" жеңил-желпи басылма. Материалда эч кандай далил же факт жок. Бул макала Ташиевга каршы жазылган ички заказ деле болушу мүмкүн.

Аны эскертүү катары кабыл албай эле коюш керек. Бул ички россиялык аудиторияга багытталган материал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6760