Япон эли жакында улут катары жоголушу мүмкүн
RU

Япон эли жакында улут катары жоголушу мүмкүн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Америкалык миллиардер Илон Маск Япония элинин азайып баратканына сарысанаа болуп жатканын билдирди. Себеби бул өлкөдө балдардын төрөлүү пайызы өтө төмөн.

Мисалы, 2021-жылдын 1-октябрына карата калкынын саны 125 502 000 болчу. Бул мурунку жылга салыштырмалуу 644 миң кишиге аз.

Масктын айтымында, эгер жакын арада Японияда ымыркайлардын төрөлүү пайызы өлүмдөрдү каттоо пайызынан ашып түшпөсө, япон калкы акырындык менен жоголо баштайт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6770