Селфи кылам деген аял аскадан кулап, мерт кетти
RU

Селфи кылам деген аял аскадан кулап, мерт кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Румыниялык турист Таиландда шаркыратманын чокусунда сүрөткө түшүүгө аракет кылып жатып, бийиктиктен кулап каза болду. Бул тууралуу Daily Star басылмасы билдирди.

Нане-Иосана Бодеа аттуу кыз достору менен Самуи аралындагы Намуанг шаркыратмасына барган. Чокуга чыгып, шаркыратманын четинде сүрөткө түшкүсү келип, тайгаланып, 15 метр бийиктиктен кулап кеткен.

Куткаруучулар менен дарыгерлер келгенде турист кыз тирүү болчу.

Дарыгерлер жабырлануучуну сактап калууга аракет кылышкан, бирок ал эсине келбей каза болгон.

Намуанг шаркыратмасы өзүнүн кооптуулугу менен белгилүү. Таиланд бийлиги көптөгөн трагедиялардан улам туристтерден сак болуп, коопсуздук эрежелерин сактоону суранат.

Булак: Koompress

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6771