Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун салуу иштери быйыл башталат
RU

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун салуу иштери быйыл башталат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу быйыл күзүндө баштала турганын 20-майда өкмөттүн жыйынында билдирди. Жыйында 30дан ашык маселе каралды.

Министрлер кабинети 2022-2026-жылдарга карата Кыргызстандагы темир жол транспортун өнүктүрүүнүн негизги багыттарын бекиткен. Бул темир жол траспортун жана инфраструктурасын мыктылоодон тышкары жүргүнчү жана жүк ташуу сапатын кыйла жакшыртат.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу демилгеси 2000-жылдардын башында эле көтөрүлсө да ишке аша элек. Садыр Жапаровдун Кытайдын төрагасы Си Цзинпин менен соңку жолугушуусунда темир жолдун курулушу жөнүндө сөз болгон.

Жапаров муну Кыргызстандын эгемендүүлүк алгандан берки тарыхындагы эң ири долбоорлордун бири деп атап, аны колдоого чакырды. Темир жолду курууга байланыштуу долбоорду ишке ашыруудагы жагдайларга токтолгон жок.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун төрт багыты боюнча варианттар бар. Кыргызстан темир жолду Ат-Башы районундагы Торугарт ашуусу аркылуу өткөрүп, Фергана тоо кыркасы бөлүп турган Кыргызстанды эки жагын байланыштыргысы келет. Ал эми Кытай менен Өзбекстан темир жолдун кыска багыты Эркечтам ашуусу аркылуу өтүшүн каалайт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6778