Активдүү менен гипперактивдүү баланын айырмасы эмнеде?
RU

Активдүү менен гипперактивдүү баланын айырмасы эмнеде?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Балдардын көпчүлүгүнүн энергиясы ашып-ташып, бир орунга отура албай, ары-бери чуркап, жаны тынбайт. Кандай учурда бала өзү эле активдүү, ал эми кандай учурда гипперактивдүү деген диагноз коюлат? Экөөнүн айрымасы эмнеде?

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун улук илимий кызматкери, медицина илимдеринин кандидаты, доцент, невролог Уулболсун Нурбекова тентек бала менен гиперактивдүү бөбөктүн айырмасын түшүндүрүп берди.

Анын айтымында, гиперактивдүү баланы тентек деп түшүнүп албаш керек.

"Гиперактивдүү бала көз көргөн жакты көздөй эч максатсыз эле чуркай бериши мүмкүн. Өзүнүн жүрүм-турумун, эмоциясын башкара албайт. Канча ирет эскертүү берип, түшүндүрүп, урушуп айтсаң деле укпайт. Бир оюнду көңүл коюп узак убакытка чейин өз алдынча ойой албайт. Тез эле ачуусу келип оюнчуктарын ыргытып, жасап баштаган нерсесин талкалап салат.

Ал эми активдүү балдар каякка, эмнеге чуркап бара жатканын билет, "кой, антпе" дегенди түшүнөт. Башкача айтканда, сөзгө адекваттуу реакция жасайт. Активдүү балдар үйдөн тентек кылганы менен конокко барганда же элдин көзүнчө өздөрүн жакшы алып жүрүүгө аракет кылат. Себеби, алар башка адамдар менен мамиле куруп, аларга жагууга аракет жасайт.

Гиперактивдүү бөбөк тескерисинче, коноктон өзүн үйдөгүдөн да жаман алып жүрөт. Атайылап эмес. Болгону туура эмес жасап жатканын түшүнбөйт. Ал үчүн жаңы чөйрө стресс. "Муну жасаба, сен жакшы баласың да, кой антпе" деген сөздөргө маани бербейт. Кыйкырганыңа да кулак салбайт.

Эгер бала мектептен же бала бакчадан жаны тынбай ары-бери чуркап, бир орунга көпкө отура албай, айткан сөзгө көңүл бурбаса, маани бербесе, сөзсүз неврологго алып келүү керек. Мунун артында олуттуу неврологиялык оору да болушу мүмкүн", - дейт медик.

Нурбекова ата-энелерди үйдө балага жетиштүү көңүл бурууга чакырып, ата-эне жумуштан кийин баласына жок дегенде бир саат убакыт бөлгөнү оң деп кеңеш берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6779