Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанга кайтты
RU

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанга кайтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков үй-бүлөсү менен Кыргызстанга кайтып келди. Бул жөнүндө Kaktus.media'га экс-президенттин жакындары маалымдады.

Жээнбеков Сауд Аравиядан өткөн дем алыш күндөрү кайткан. Ал Меккеге кичи хаджга барган болчу.

"Умрага Жээнбеков Сауд Аравиянын королунун чакыруусу менен барган"- дейт экс-президенттин пресс-катчысы Толгонай Стамалиева.

Эске салсак, Сооронбай Жээнбеков 2020-жылдын 15-октябрында жапырт башаламандыктан улам кызматынан кетүүгө аргасыз болгон.

Андан тышкары октябрь окуялардын катышуучулары Жээнбековду жоопкерчиликке тартылуусун УКМКдан жана ИИМден талап кылышкан. Алар митингти күч менен таркатуу буйругун берүүгө укугу жок болчу, деген пикирде.

Ошондой эле, Жээнбековду Зилалиевдин иши боюнча сотка чакырмакчы болушкан, бирок анын адвокаты Жыргалбек Бабаев экс-президент сотко келбей тургандыгын айткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/677