Улуу Британияга барган кыргыз мигранттарды элчи тосуп алды
RU

Улуу Британияга барган кыргыз мигранттарды элчи тосуп алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуу Британияга барган кыргыз мигранттарды элчи тосуп алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-майда Улуу Британиядагы Кыргыз Республикасынын Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Улан Жусуповдун катышуусунда Улуу Британиянын Станстед аэропортунда сезондук жумушка барган Кыргыз Республикасынын жарандарынын биринчи тобун тосуп алуу уюштурулду.

Британия тарабынан аталган жолугушууда "FruitFull" операторунун жетекчиси Жастин Дэвид Эмери жана "Agri-HR" компаниясынын жетекчиси Ян-Виллем Наеребаут катышышты.

Белгилей кетсек, бул топ Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык коргоо министрлигине караштуу Чет өлкөдө жарандарды ишке орноштуруу борбору менен британиялык "Agri-HR" компаниясынын ортосундагы кыргыз жарандарын Улуу Британиянын айыл чарбаларында сезондук жумушка орноштуруу боюнча макулдашуунун алкагында келген.

Дипломатиялык өкүлчүлүктүн башчысы мекендештер менен саламдашып, аларга ийгиликтүү эмгектенүүсүн каалады. Мындан сырткары, элчи У.Джусупов жарандарга Улуу Британияда жүрүү эрежелери жана өлкөнүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык визалык режимди сактоо зарылчылыгы тууралуу маалымат берди.

Муну менен катар Жусупов Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы элчилиги Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого байланышкан маселелер боюнча көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Булак: Super.kg

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6783