Панфилов районунда 40тан ашык кой уурдаган деп шектелген жарандар кармалды
RU

Панфилов районунда 40тан ашык кой уурдаган деп шектелген жарандар кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ыкчам жүргүзүлгөн иш чаралардын натыйжасында, Панфилов районунда, 40тан ашык кой уурдаган жарандар аныкталды. Бул тууралуу Чүй облусунун ОИИББсинин басма сөз кызматы маалымдады.

Ушул жылдын февраль айында өлкөдөгү жалпыга мааламдоо каражаттарына Панфилов районунун жашоочусунун видео кайрылусуу чыккан, ал кайрылуусунда белгисиз адамдар тарабынан тоноо жолу менен бир нече кой уурдалганын айтып, милиция кызматкерлерине нааразычылыгын билдирген.

Бул видео кайрылуу боюнча Чүй ОИИББы төмөнкүлөрдү билдирет: 2020-жылдын 8-октябрь күнү Панфилов РИИБүнө арыз менен жергиликтүү жаран кайрылып, 8-октябрь күнүнө караган түнү анын сарайына белгисиз адамдар келип, мал караган адамдарына күч колдонуп сарайдан 49 баш койун уурдап кеткендигин билдирген.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 201-беренеси (Тоноо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Кылмыштын бетин ачуу максатында Чүй ОИИББнин жана Панфилов РИИБнин криминалдык милиция кызматы тарабынан бир топ ыкчам издөө иш-аракеттерин жүргүзгөн.

Натыйжасында кылмышка шектүү делип үч жаран кармалган, алар 1989-жылы туулган Б.Н., С.А., жана ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турган 1982-жылы туулган К.З. экени аныкталган.

Белгилеп кетчүү нерсе, социалдык тармактарда таратылган видео материалдагы кайрылган жарандын "милиция кызматкерлери иштебей жатат" деген маалымат чындыкка дал келбейт. Анткени милиция кызматкерлери тарабынан бул кылмыш катталгандан баштап бардык ыкчам иш-аракеттер жүргүзүлүп, тергөөнүн кызыкчылыгын эске алуу менен толук маалыматтар берилген эмес.

Учурда кармалган адамдар тергөө кызматына жеткирилип, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда, деп Чүй ОИИББнин басма сөз кызматы билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/678