Аябай чарчаштыбы? Депутаттар чинеовниктердин отпускасын көбөйтүүнү сунушташты
RU

Аябай чарчаштыбы? Депутаттар чинеовниктердин отпускасын көбөйтүүнү сунушташты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынан депутат Коргонбай уулу Жусупбек Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады. Тагыраак айтканда чиновниктердин эс алуусун көзөмөлдөй турган бөлүмгө.

Малымкат-негиздемеде Конституцияга ылайык, эмгек убакытсынын узактыгы, жума сайын эс алуунун минималдуу көлөмү жана акы төлөнүүчү жылына бир жолу эс алууну аныктай турган мыйзам бар.

Мыйзамга өзгөртүүнү киргизүүнү сунуштаган депутат, саясий жана административдик кызматтарды ээлеген чиновниктерге стимул берүү үчүн эмгек стажы, мамлекеттик кызматта иштеген жылдарын эске алуу менен эмгек эргүүсүн көбөйтүү керек, дейт.

Азыркы тапта аткаминерлердин эмгек эргүүсү 28 иш күнүн түзөт.

Мыйзам долбоордо чиновниктердин эс алуусун канча күнгө көбөйтүүгө сунушталып жаткандыгы айтылган эмес.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6792