Кыргызстанга АКШнин делегациясы келет
RU

Кыргызстанга АКШнин делегациясы келет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

АКШ администрациясынын ведомство аралык делегациясы 23-27-майда Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Казакстанга келет. Бул тууралуу РИА новости жазды.

Делегацияны Түштүк жана Борбор Азия боюнча мамлекеттик катчынын жардамчысы, мурунку элчи Дональд Лу жетектейт.

Американын өкүлдөру бийлик башындагылар, жарандык коомдун өкүлдөрү жана бизнес чөйрөдөгүлөр менен жолугушушат. Сүйлөшүүлөрдүн күн тартибинде - экономикалык кызматташуу, коопсуздук тармагындагы өнөктөштүк, коомдук баалуулуктарды жана жергиликтүү маданиятты колдоо, аялдардын укугун коргоо, афганистандык качкындарга колдоо көрсөтүү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6794