Тыюу салынган "Йакын инкар" кыймылынын лидери жана мүчөлөрү кармалды (сүрөт, видео)
RU

Тыюу салынган "Йакын инкар" кыймылынын лидери жана мүчөлөрү кармалды (сүрөт, видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын, Сокулук РИИБнин кызматкерлери УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте "Йакын инкар" диний-экстремисттик кыймылынын лидерин жана активдүү мүчөлөрүн кармашты. Уюм Кыргызстанда тыюу салынган. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин "Йакын инкар" кыймылынын 50дөн ашык активдүү мүчөлөрү аныкталган, алардын арасында анын Борбор Азиядагы лидери, мурда соттолгон Беловодский районунун 1970-жылы туулган тургуну К.Н. да болгон.

Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча, К.Н. Кыргызстандагы бул кыймылдын мүчөлөрүн каржылап, окутуп, даават уюштуруп келген. Мындан тышкары, бир нече даректеринде уруксаты жок "медресе жана жатакана түрүндөгү окуу жайларын" уюштуруп, ал жерде да тыюу салынган кыймылдын идеологиясын жайылткан.

Маалыматка караганда, ИИМ жана УКМК тыюу салынган кыймылдын мүчөлөрүнүн 21 дарегин таап, диний адабияттарды, баракчаларды, флеш-карталарды, дептерлерди, уюлдук телефондорду жана "Йакын инкар" уюмунун DVD-дисктерин алышкан.

Белгиленгендей, ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө К.Н.дан тышкары "Йакын Инкар" уюмунун активдүү мүчөлөрү 1981-жылы туулган А.Н., 1966-жылы туулган А.Ж., 1992-жылы туулган С.А., 1996-жылы туулган М.У. дагы кармалган.

Судья аларга карата баш коргоо чарасын Бишкек шаарындагы №1 СИЗОго камакка алуу чечимин чыгарды. Сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6796