Аруузатка чогултуп жатабыз деп элди алдашкан. Видео
RU

Аруузатка чогултуп жатабыз деп элди алдашкан. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармакта Кара-Көл шаарынын жаштар канатынын төрагасы Элнур Абылов мечиттин алдында кайыр сурап отурган жарандарды урушту.

20-майда активист Аруузат Ташматованын сүрөтү чапталган коробканы көрүп калган. Анда кичинекей кыздын рак оорусунан айыктыра турган кымбат уколго каражат чогултуп жатабыз, деп жазылып турат.

"Алар борбордук мечиттин кире беришинде отурушуптур. Мен жума намазга баргам", - деп Элнур Абылов Kaktus.media'га айтып берди.

Ал сүрөттөгү Аруузатты таанып, ким уюштуруучу деп кызыгып сурады. Кайыр сурап отургандар, Ош шаарынан келгенин, аларга күнүнө 500 сомдон төлөп беришээрин айтышкан.

Абылов милиция чакыртып, кайыр сурагандарды бөлүмгө алып кетишкен. Жалал-Абад облусунун ИИБси териштирүү жүрүп жатканын кабарлады.

"Биз аларды камакка алган жокпуз, анткени ага негиз жок. Бирок ким каражат чогултуунун уюштурганын аныктап жатабыз", - деп милициядан түшүндүрмо беришти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6801