Коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн каражатка мектеп салынат (фото)
RU

Коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн каражатка мектеп салынат (фото)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте №18 мектептин кошумча корпусунун курулуш иштери уланууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.

225 окучууга ылайыкталган мектептин корпусу бүтөйүн деп калды. Имараттын дубалдары тургузулуп, чатыры жабылган. Учурда имараттын ички жасалгалары жүрүп жатат.

Белгилүү болгондой, жаңы корпуста кабинеттер заманбап талаптарга ылайык жасалат. Анда мугалимдер бөлмөсү, компьютер классы, китеп кана, дааратканалар жана техникалык бөлмөлөр болот.

Мектепти "Дастан Строй Компани" ишканасы Чүй облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын буйругу менен куруп жатат.

Жаңы корпустун турушу 40 млн 987 миң сомго айланып, каражат коррупция менен күрөшүүнүн депозиттик эсебинен бөлүнүп берилген.

Курулуш иштери 2021-2022- окуу жылынын башталышына чейин жыйынтыкталат.

Биринчи май районундагы №18-орто мектеп 1967-жылы эле эксплуатацияга берилген. Бүгүнкү күндө мектепте 1 420 окуучу билим алат. Бирок, мектеп 460 окуучуга гана ылайыкталган болчу. Демек, мектепте 960 окуучуга көбүрөөк окуйт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/680