Түркмөнстанда мурунку президенттин жылкысына эстелик орнотушат
RU

Түркмөнстанда мурунку президенттин жылкысына эстелик орнотушат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түркмөнстанда мурунку президент Гурбангулы Бердымухамедовдун аты Акхандын урматына эстелик оронтушат. Бул тууралуу РИА новости жазды.

Тиешелүү токтомго анын уулу, Түркмөнстандын учурдагы президенти Сердар Бердымухамедов кол койгон.

"Улуттун сыймыгы - ахалтекин күлүктөрүнүн даңкын жайылтуу максатында атактуу күлүк Акхандын урматына эстелик орнотулсун", - деп билдирүүдө жазылган.

Түркмөнпортал жаңылык порталы бул боюнча төмөнкүлөрдү билдирди: Акхан Түркмөнстандын экс-президенти жеке өзү таптаган легендарлуу күлүк. 2018-жылы арткы эки бутуна туруп 10 метр баскан. Бул жетишкендик Гиннес рекорддору китебине кирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6810