Москвада сабалган кыздын ата-энесине 8 миң сом төлөнчү
RU

Москвада сабалган кыздын ата-энесине 8 миң сом төлөнчү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын Россиядагы Ички иштер министрлигинин өкүлчүлүгү Москвада сабалган кыз боюнча териштирүү иштерин жүргүзгөн. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Жакында эле социалдык тармакта Москва шаарында бир нече айдан бери кыргызстандык кыз сабалган деген маалымат пайда болгон. Кызды ур токмокко алган эжеси кичинекей балдарын бакытруу үчүн Кыргызстандан алып кеткен экен.

21-майда Өзгөн диаспорасынын жетекчиси, активист кыздын кайсы жерде экендигин аныктап үйүно алып кеткен.

Аймактык оорукандагы текшерүүдөн өткөндөн кийин денеси, колдору жана көздөрү көгала, психологиялык абалы басынкы деген бүтүм чыгарышкан.

Андан кийин кыздын туугандары Баткен облусунун тургуну Т.М. жана анын жубайы Ош облусунун тургуну Т.Э. (сабалган кыздын таежеси) Кыргызстандын ИИМдин РФтеги өкүлчүлүгүнө сурак берүүгө чакырылган. Андан кийин РОссиянын Москва облусу боюнча ИИМдин бөлүмүно жеткирилди.

Белгилүү болгондой, кыздын ата-энеси Ош облусунун Өзгөн районунда жашашат. 2021-жылдын октябрында 4-класстын биринчи чейрегин окуп жаткан жеринен кызын Россияга бала бакканы жиберишкен. Берилген маалыматка ылайык, кыздын ата-энесине ай сайын 8 миң сом төлөнмөк.

Учурда кылмыш ишин козгоо маселеси каралууда. Июнь айында 11-жаштагы кыз мекенине, ата-энесинин колуна жеткирилет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6812