Москвадагы курулушта кыргызстандыктын үстүнө кран кулап түшкөн
RU

Москвадагы курулушта кыргызстандыктын үстүнө кран кулап түшкөн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Москавадагы курулуштун биринде Кыргызстандын жаранынын үстүнө кран кулап түшкөн. Ал ошол жерден каза болду. Окуяны КРдин Тышкы иштер министрлиги өз көзөмөлүнө алды, деп ведомствонун басма сөз кызматы маалымдады.

Белгилүү болгондой, 1999-жылы туулган Р. у. Н. каза тапты. Кыргызстандын консулдук бөлүмүнүн кызматкери окуя болгон жерге жөнөп кеткен. Элчилик Россиянын укук коргоочу органдарына жана Москва шаарынын Мамлекеттик эмгек инспекциясына Р. у. Н.дин каза болушунун себебин аныктоо үчүн кат жөнөттү.

Учурда элчилик каза болгон жарандын сөөгүн мекенине жөнөтүу иштер менен алектенүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6816