Сабиз кайра кымбаттайбы? Фермерлер сабиз тиккенден баш тартышты
RU

Сабиз кайра кымбаттайбы? Фермерлер сабиз тиккенден баш тартышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Былтыр сабиздин кымбаттаганы эсиңердеби? Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу сабиздин килограммы 100 сомдон ашып түшкөн болчу.

Быйыл күзүндө кайра дефицит болушу күтүлүүдө. Бул тууралуу Kaktus.kg редакциясына фермерлер айтып беришти.

Жер иштеткендердин айтымында, былтыр суу тартыш болуп, сабиз тиккен фермерлердин көбү чыгаша болгон. Быйыл алар сууну көп иче турган жер жемиштерди тиккенден чоочулашкан.

"Беш-он гектар жерге тиккендер түшүмүнүн 50%ын эле алышкан. Анткени көбү майда чыгып, стандарттарга ылайык келбей калган. Көпчүлүгү аны жыйнашкан да эмес, ошо бойдон талаада калды. Быйыл дыйкандар сабиз тиккенден чоочулашты. Анын ордуна сууну аз эле керектеген жүгөрү менен арпа айдашты", - деп фермерлер айтып беришти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6824