Сурабалдиева өлкө боюнча "бэби-боксторду" орнотууну сунуштады
RU

Сурабалдиева өлкө боюнча "бэби-боксторду" орнотууну сунуштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Эльвира Сурабалдиева өлкө боюнча "бэби-боксторду" орнотууну сунуштады. Мындай пикирин парламентарий бүгүн, 26-майда, Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

"Менин сунушум чоң талкуу боло турганын түшүнөм. Кээ бирлери ата-энелерге, коомго шылтайт. Бирок балдарды төрөп таштап кеткен учурлар көп болуп жатат. Дүйнө жүзүндө ар бир төрөт үйдүн алдында бэби-бокстор бар. Турмуш шартына байланыштуу таштагандар да бар. Жаңы төрөлгөн балдардын өлүк денелери көп табылып жатат", - дейт депутат.

Сурабалдиеванын айтымында, ошого жеткирбей эле чара көрүү керек.

"Ар бир төрөт үйүнүн алдына орнотуп койсок. Бул цивилизациясы өнүккөн мамлекеттердин да практикасы", - дейт ал.

Ошол эле учурда мындай маселе 30 жылдан бери көтөрүлүп, жатканын, жана эмнегедир ар дайым башка нукка бурулуп кеткенин белгледи.

"Маселе көтөрүлсө эле кыздарды тарбиялаш керек дейбиз. Эркектерди тарбиялоо боюнча сөз болбойт. Бул маселе коомдо оорчунду болуп келет", - деп Сурабалдиева баса белгиледи.

Маалымкат

Бэби-бокс - бул атайын жасалган терезече ага эне жаңы төрөлгөн ымыркайын анонимдүү калтыра алат. Кийин наристе балдар үйүно өткөрүлөт. Мындай чара бала өлтүрүү фактыларын алдын алуу үчүн көптөгөн өлкөлөрдө жасалып келет. Адатта төрөт үйлөрдүн, ооруканалардын, балдар үйлөрүнүн жана диний мекемелердин алдына орнотулат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6840