Путин чокусундагы Украинанын желеги Кыргызстандын желегине алмаштырылды
RU

Путин чокусундагы Украинанын желеги Кыргызстандын желегине алмаштырылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Атактуу альпинист Эдуард Кубатов командасы менен Путин чокусуна чыгып, Кыргызстандын желегин орнотуп келишти.

"Мындан ары, биздин желек бардык чокуларыбызда желбиреп турат! Бир аз чарчадым, кененирээк эртең айтып берем", - деп Кубатов социалдык тармактагы баракчасына жазган.

Эске салсак, буга чейин Twitter'де 4 446м бийиктиктеги Путин чокусуна Украинанын желеги орнотулган видео тараган болчу.

Кийинчерээк авторлор кылган кылыгы үчүн милицияга түшүнүк кат жазууга аргасыз болгонун билдиришкен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6854