1-июнда Бишкекте кандай иш-чаралар өтөт. Тизме
RU

1-июнда Бишкекте кандай иш-чаралар өтөт. Тизме

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мэрия Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Бишкектин райондук администрациялары кандай иш-чараларды уюштурарын жарыялады.

Биринчи май району

Саат 9:00дө Ак-Босого, Калыс-Ордо, Мурас-Ордо конуштарында сынак, эстафета, флешмоб, аниматорлордун шоусу тартууланат;Саат 13:00дө 150 бала Панфилов сейил багына барып, асфальтта сүрөт тартуу сынагына катышат.

Октябрь району

Саат 14:00дөн 16:00гө чейин район башчысы балдар үйлөрүн, майыптыгы бар бөбөктөрдүн мекемелерин кыдырат.

Свердлов району

30-май саат 10:00дө Асанбек Умуралиев атындагы театрда майрамдык концерт уюштурулат;31-май саат 10:30да "Дордой Плаза 2" соода борборундагы кинотеатрга кирүү уюштурулат;

Аламүдүн-1 кичи районунда

№40,41, 42 үйүнүн жашоочулары балдар үчүн аниматорлордун катышуусу менен шоу-программа өткөрөт;

Саат 10:00дө "Аул" паркында спорттук, көңүл ачкан оюндар өтөт;

Ушул эле убакытта Кайыңды, Кызыл куруучу жаңы конуштарында концерт уюштурулат;

Саат 11:00дө Келечек, Бакай-Ата жаңы конуштарында да концерт тартуулана турганы айтылды.

Ленин району

31-май саат 11:00дө район башчысы "Үмүт-Надежда" балдар реабилитациялык борборуна барат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6866