Максат ажы Токтомушев: Мен өлкөдөн качкан жокмун, үй-бүлөм менен Бишкектемин
RU

Максат ажы Токтомушев: Мен өлкөдөн качкан жокмун, үй-бүлөм менен Бишкектемин

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын мурунку муфтийи Максат ажы Токтомушев кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Ал өлкөдөн чыгып кетти, деген имиштерди төгүндөдү.

"Муфтий Турцияга качып кетип калыптыр, чет мамлекеттке качып кетип калыптыр, финансы маселеси, мындай-тигиндей болуптур деп. Кудайдан корколу. Дагы кудайга чакырайын. Эгерде биз ушинтип бузула берсек, кантип мамлекетибиз оңолот? Мен Бишкектемин, бала-чака, үй-бүлөм менен. Албетте, телефондорду албайм. Бардык телефон чалууларга жооп бере берсең. Эми кандай деген заман кетип атат?", - деди экс-муфтий өзүнүн кайрылуусунда.

Ал бардыгын биригүүгө үндөдү.

"Мамлекетибиз оор күндөрдү башынан кечирип жатат. Падышалуу болдук. Бүткүл дүйнө карап турат, кандай алып барат экен деп. Ар кимибиз мамлекетибизди ар жака тарта берсек, эгемендигибизден ажырап калбайлы", - деди Максат ажы.

Ал иликтөө жүрө турганын кошумчалады.

Эске салсак, УКМК КМДБнин башкы бухгалтерин жана экс муфтий Максат ажы Токтомушевди ири өлчөмдөгү жемкорлук иши боюнча камакка алган. УКМКнын билдирүүсү боюнча муфтият ажылыктан түшкөн каражатты жеке менчик мекемелерге үстөк пайызы менен берип келген.

Экс-муфтийдин тарапташтары УКМКнын алдына Токтомушевди бошоткула деген талап менен митингт уюштурушкан. Сот Максат ажы Токтомушевди үй камагына кое берген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/686