Бишкекте мас айдоочу велосипедчен кишини сүзүп кетти (видео)
RU

Бишкекте мас айдоочу велосипедчен кишини сүзүп кетти (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

24-майда, "Ак-Босого" жаңы конушунда айдоочу жолдун боюнда велосипед тээп бараткан кишини сүзүп кетти. Бул тууралуу Бишкектин Милциянын кайгуул кызматынын башкармалыгы билдирди.

Белгилүү болгондой, болжол менен саат 16:10до Honda Akkord унаасынын айдоочусу, 35 жашар И.А. Чүй көчөсу менен баратып, Архитектурный көчөсү менен кесилишкен жерден велосипедчен кишини сүзүп кеткен.

Натыйжасында, 52 жаштагы эркек киши жабыркап, Бишкектин ортопедия жана травматология борборуна жеткирилди.

Honda Akkord штрафстоянкага коюлду. Текшерүүнүн жүрүшүндө айдоочу мас абалда болгону аныкталган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6872