Кыргызстандын эл артисти Жамал Сейдакматова дүйнө салды
RU

Кыргызстандын эл артисти Жамал Сейдакматова дүйнө салды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын эл артисти Жамал Сейдакматова 83 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу анын жакындары билдиришти.

Келини Асел Чоткараеванын айтымында, ал бүгүн, 16-февралда, 03:05те үзүлдү.

Kaktus.media'нын жалпы жамааты Кыргыз элинин улуу актрисасынын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.

Жамал Сейдакматова 1939-жылдын 21-сентябрында Ысык-Көл районунун Темир айылында жарык дүйнөгө келген.

Кыргыз ССРнин Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматова "Акбаранын көз жашы", "Караш-Караш окуясы", "Ак илбирстин тукуму" жана башка бир катар тасмаларда, спектаклдерде ролдорду жараткан.

Сейдакматовага экинчи даражадагы "Манас" ордени менен ыйгарылган. "Туңгуч" театрынын негиздөөчүсү Жамал Сейдакматова Совет доорунан бери кинодо жана театрда ондогон ролдору менен элге таанылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/687