Көбү айылда жашайт. Кыргызстанда канча бала бар? (статистика)
RU

Көбү айылда жашайт. Кыргызстанда канча бала бар? (статистика)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2021-жылдын башына карата Кыргызстанда 18 жашка чейинки 2 миллион 512 миң бала жашаса, анын жарымынан көбүн (51%) эркек балдар түзөт. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирет.

Ведомствонун маалыматы боюнча, 2020-жылдын башына салыштырмалуу 2021-жылдын башына карата балдардын саны дээрлик 56 миңге же 2,3%га өскөн.

2022-жылдын башына карата балдардын жалпы саны жаштарына карата:

  • 44% - 7 жашка чейинки балдар (1 млн 118 миң);
  • 43% - 7-14 жаштагылар (1 млн 74 миң);
  • 13% - 15-17 жаштагы өспүрүмдөр (320 миң).

Балдардын басымдуу көпчүлүгү (67%) айыл жеринде жашашат.

2020-жылы 158 миңден ашык бала төрөлгөн – 81 миң уул жана 77 миң кыз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6898