"Ысырап болбосун". Таштандыга ыргытылган нандан жем жасаган Талайбек
RU

"Ысырап болбосун". Таштандыга ыргытылган нандан жем жасаган Талайбек

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Көчөдөгү таштанды чакалардын жанында орнотулган "Бир гана нан үчүн" деген урналарды көрүп жүрөсүзбү? Бул урналарды Таалайбек Асейинов эски нандарды чогултуп, аны кайра иштетүү үчүн орноткон. Ал кайра иштетилген нандан малга жем жасап сатат.

Ишкер Бишкек боюнча буга чейин 150 орноткон. Бул урналардан айына жалпы беш тонна тоют иштеп чыгарат. Эми жылдын аягына жейин 1500 даана орнотуу планы бар экенин айтат. Эгер максатына жетсе 50 тоннадай тоют даярдап каларын белгилейт.

Мунун артынан жумуш ордун да камсыздай алат. Учурда жетидей бала иштейт. Алардын айлык акысы да аз эмес.

Таалайбек башка аймактардан да активисттер чыгып ушул жумушту жасагысы келсе, баарын үйрөтүп берүүгө даяр экенин баса белгилейт. Эң башкысы жерге нан ташталбасын деген каалоосу бар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6908