"Уулумду суворовчулар сабады". Өспүрүмдөрдүн мушташы боюнча экс-милиционердин версиясы
RU

"Уулумду суворовчулар сабады". Өспүрүмдөрдүн мушташы боюнча экс-милиционердин версиясы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Буга чейин Kaktus.media Бишкектеги короолордун биринен милиционер өспүрүм балага кол салгандыгы тууралуу жазган. Видеону күбөлөр жөнөтүшкөн.

Панфилов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринен, мурда милицияда иштеген Рустам, мектеп окуучусун муунтуп, ага кол салган. Милициянын айтымында ал анын баласын сабаган экен. Жанында жубайы - Оксана Эрматова бар болчлу. Ал КР ИИМдин Академиясында иштейт.

Оксана Эрматованын айткандары боюнча, видеого тартылган инцедент 30-октябрда болгон. Видеону тартып, жарыялаган киши, бул нерсени жоопкерчиликтен качуу үчүн атайы жасаган.

"13 жаштагы уулубуздун сабалганын кокустан эле билип калдым. 29-октябрда уулубуз үйгө кир болуп келиптир, курткасы айрылган. Велосипедден жыгылып кеттим, деп түшүндүрдү. Эртеси күнү, аны башка өспүрүм балдар сабап салганын билдим", - деди Эрматова.

Алардын короосуна адатта бөлөк адамдар кирбейт, себеби коопсуздук кызматкери бар. Бирок, кийин белгилүү болгондой коопсуздук кызматкери бир нече айдан бери 15-16 жаштагы эркек балдарды киргизип жүргөнү белгилүү болду. Алар Алихан - деген балага келип жүрүшчү экен.

"Көрсө, Алихан жана анын бир нече досу, менин уулума тийишип, андан 12 фаст-фуд талап кылып, мындайча айтканда "счетчикке" отургузуп коюшуптур. Уулум аларга сатып берүүдөн баш тартканда, алар аны сабап салышыптыр. Чоңдор көрбөсүн деп, беседканын ичинен сабашыптыр. Бирок бизде күбөлөр бар - бул кичинекей балдар. Алар уулумду сабаганын тастыкташты", - деди Оксана.

Баласынын сабалганын билери менен дароо ооруканага алып барып жаткырышкан. Ага "баш мээси чайкалды" деген диагноз коюлуп, денеси бүт көгала болчу. Андан тышкары психологго да жөнөтүштү. Ошол эле күнү Бишкектин Биринчи май РИИБсине арыз жазышкан.

"Баланы сабагандардын бири суворов окуу жайында билим алат (Кыргыз улуттук аскерий лицей. Kaktus.media эск.), алар, балабыздын ата-энеси милиция кызматкери экенин айтып, шылдыңдашыптыр. Милициялар "кызылдар", ал эми өздөрүн "каралардын" балдарыбыз деп айтышыптыр", - деп Эрматова айтып берди.

Суворов лицейинен келген өспүрүм, башка балдардан да акча доолап, 20 сомдон 50 сомго чейин алып турчу экен.

"Балабызды ооруканага жаткыргандан кийин үйүбүзгө келип, короодон уулубузду сабаган өспүрүмдөрдүн бирин көрүп калдык. Биз коопсуздук кызматкерин чакыртсак, ал качып кетүүгө аракеттенди. Биз аны кармап калдык. Башында бардыгын мойнуна алган болчу, андан кийин кайра тана баштады. Милиция келгиче, көп жолу качып кеткенге аракеттенди, ошондо күйөөм аны курткасынан кармап турду. Аны сабап, же муунтуу аракеттери көрүлгөн эмес. Анын үстүнө күйөөм экөөбүз тең көп жылдан бери милицияда иштейбиз", - деди Эрматова.

Учурда Бишкектин Биринчи май РИИБсинде сотко чейинки өндүрүш иши уланууда. Белгилүү болгондой, 13 жаштагы баланын биринчи экспертизасы жоголуп кеткен, ошого байланыштуу экинчи экспертиза дайындалды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/690