Темиров Live командасындагы кызды видеого тартып жайылткан адам табылды. Сүрөт
RU

Темиров Live командасындагы кызды видеого тартып жайылткан адам табылды. Сүрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Иликтөөчү журналисттер Темиров Live командасындагы кызды видеого тартып, социалдык тармактарга тараткан адамдын өздүгүн аныкташты. Бул тууралуу Болот Темиров билдирген.

Анын айтымында, ал адам Темиров Live командасынын ишенимине кирип, бир эле учурда УКМКда жашыруун иштеген.

Темиров айткан маалыматка караганда, ал жигиттин аты Бексултан жана 60-мектепти бүтүргөнү белгилүү болду.

Болотовдун коммандасы УКМКга суроо-талаптарды жөнөтүп, атайын кызматтын өкүлдөрү менен байланышууга аракет кылган. Бирок аларга көңүл бурулбаганын журналист баса белгиледи.

УКМКнын басма сөз кызматы кечээтен бери комментарий алуу үчүн жеткиликсиз.

Эске салсак, Темиров ушул жылдын башында, 22-январдын кечинде кармалган. Анын редакциясынын кеңсесине спецназдын жоокерлери кирип келип, журналистти кармоо учурунда Темировдун арткы чөнтөгүнөн кочкул жашыл түстөгү затты алып чыгышкан. Бирок, күбөлөр таңгактарды коопсуздук күчтөрү өздөрү салып коюшканын айтышкан. Журналист бардык анализдерден өтүп, анын денесинен маңзат табылган эмес. Ошентсе да Темировго карата баңгизаттарды мыйзамсыз өндүрүү жана сактоо боюнча кылмыш иши козголду. Бир нече айдан кийин ал Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз алып, мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деп шектелген. Темиров жана анын командасы камакта кармоо тартибин бузган видеону жарыялашты. Темиров Live командасынын мүчөлөрүнө кол салуу ушул күнгө чейин уланууда деп белгилешкен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6910