"Урматтуу эмес Адахан Кимсанбаевич". Ташиев Мадумаров менен кайым айтыша кетти (видео)
RU

"Урматтуу эмес Адахан Кимсанбаевич". Ташиев Мадумаров менен кайым айтыша кетти (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин жыйынында УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев депутат Адахан Мадумаров менен кайым айтыша кетти.

Бүгүн депутаттар министрлер кабинетинин мүчөлөрүн парламентке чакырып, суроолорун беришти. Алгач Ташиев сөз сүйлөп, депутат Мадумаровдун УКМКнын кызматкерлери "элдин канын ичип, жоон терисин шылып жатат" деп айтканына токтолгон.

"Бир канча жолу унчукпадык. Саясий амбициясын бекемдейм деп эле фактысыз сүйлөп жатат. Мен депутат Мадумаровго ачык айтышым керек: эгер токтотпосоңуз, анда аткезчилик менен алектенгендерди кантип жаап жатканыңызды биз дагы айтабыз", - деди ал.

Бул учурда Мадумаров Ташиевге сөөмөй такап суйлөгөн.

"Колуңду түшүрүп тур, тынчтаныңыз, азыр айтам, отуруңуз... Урматтуу, урматтуу эмес Адахан Кимсанбаевич, мен факты менен келдим, шашпаңыз, азыр айтам, ким менен, кайда, эмне кылып жүргөнүңүздү, кайсы аткезчи сизге аш кылып бергенин бардык маалыматты айтам азыр? Тартипти сактап унчукпай отуруңуз. Маданиятыңыз барбы, жокпу анда жөн отуруңуз",-деп Мадумаровго кайрылды.

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов алгач маалымат угулуп, андан соң депутаттарга сөз берилерин айтты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6917