Lexus-470 унаасы дарыяга кулап түшкөн (сүрөт, видео)
6277
Токтогул районунда Lexus-470 үлгүсүндөгү унаа Чычкан дарыясына түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, жол кырсыгы Бишкек-Ош жолунун 275-чакырымында, Чычкан капчыгайында болгон.
Унаанын ичинде беш адам болгон, алардын экөө жабыркап, тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилген.
ӨКМдин куткаруучулары жол тандабасты дарыядан чыгарышып, ээсине өткөрүп беришкен.
slide 3 of 2
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/6925