Чамдаңыз! ЖРТга катышуу үчүн акыркы мүмкүнчүлүк
RU

Чамдаңыз! ЖРТга катышуу үчүн акыркы мүмкүнчүлүк

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2022-жылы 24-майдан 28-майга чейин өткөрүлгөн жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) катыша албай калгандар үчүн кечиктирилген тест өткөрүлөт. Бул тууралуу КР ББИМ жана ББОУБ кабарлады.

Тест 24-25-июнь күндөрү Бишкек жана Ош шаарларында өтөт. Кайрадан каттоо 15-23-июнь күндөрү бул даректер боюнча жүргүзүлөт:

• Бишкек шаарында - №24 мектеп-гимназиясында: Тыныстанов көч., 110;

• Ош шаардык билим берүү бөлүмүндө (Ош шаары, Ленин көчөсү).

Эскертүү! 2022-жылы Жалпы республикалык тесттен четтетилген абитуриенттердин каттоодон өтүүгө укугу жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6969