Экинчиси! Кыргыз-өзбек чек арасында дагы бир жашыруун тоннель табылды (видео)
RU

Экинчиси! Кыргыз-өзбек чек арасында дагы бир жашыруун тоннель табылды (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК кызматкерлери Кыргызстан менен Өзбекстанды байланыштырган жашыруун тоннелди табышты. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

4-июнь күнү Ош облусунун Кара-Суу шаарындагы үйдүн бетон тротуарынан тоннель табылган. Анын тереңдиги 17,5 метр, кире бериш жери 1,80 метр, туурасы 70-80 см. Жалпы узундугу болжол менен 155 м.

Азыр эки өлкөнүн укук коргоо органдары бул тоннелди ким, эмне үчүн казганын жана ал аткезчиликке пайдаланылганбы же башка мыйзам бузуулар болгонбу, иликтеп жатат.

Эске салсак, чек арада табылган биринчи туннель эмес. Май айынын аягында УКМК Ош облусунун Кара-Суу районунан узундугу 270 метрге жеткен дагы бир ушуга окшош тоннел тапкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6970