Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун баштап жаткандагы катуу жардыруу. Видео
RU

Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун баштап жаткандагы катуу жардыруу. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 8-июнда Камбар-Ата ГЭС-1дин курулушу башталды. Анда президент Садыр Жапаров старт берди.

Кирүүчү жол тазаланып, электр зымдары тартылып, уюлдук оператордун базалык станциясы орнотулду. Ошондой эле жумушчулар лагеринин курулушу башталды.

Бүгүн президент, энергетика тармагынын жетекчилиги, депутаттар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда аска ташын сүрүп чыгаруу үчүн катуу жардыруу болду.

Эске салсак, Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу долбоору совет доорунда эле иштелип чыккан. Мурунку пландарга караганда бул объект Кыргызстандагы эң ири ГЭС болуп калышы керек болчу. Станциянын кубаттуулугу 1864 мегаватт болот. Ал эми Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу 1200 мегаватт.

Алдын ала маалыматтар боюнча Камбар-Ата ГЭС-1ди курууга 2,9 миллиард доллар керектелет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6983