QR кодду колдонуу менен төлөө үчүн ыңгайлуу кызматты ишке киргизүүнүн жолу
RU

QR кодду колдонуу менен төлөө үчүн ыңгайлуу кызматты ишке киргизүүнүн жолу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

ЭЛКАРТ Улуттук төлөм системасы КР аймагындагы мобилдик төлөм тиркемелеринин бардык колдонуучуларын бирдиктүү системага бириктирүүгө мүмкүндүк берген Улуттук стандарттагы эки өлчөмдүү штрих-код белгилерин (QR код) колдонуу менен накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүүнүн жаңы системасын ишке киргизгени тууралуу маалымдайт.

КР Улуттук банкы тарабынан бекитилген "Эки өлчөмдүү штрих-код белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү өткөрүү Эрежелерине" ылайык, каржылык операцияларды жүргүзүү үчүн эки өлчөмдүү штрих-код белгилеринин Улуттук стандарты (QR-код) иштелип чыккан, жана ошондой эле төлөм системасынын катышуучулары менен техникалык өз ара иш алып барууну жана QR-кодду колдонуу менен төлөмдөр боюнча акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн клиринг файлдарынын түзүлүшүн камсыз кылган төлөм системасынын операторунун ролу аныкталган.

Кыргыз Республикасынын Президентинин "Финансы рыногун андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында ЭЛКАРТ улуттук төлөм системасынын оператору болуп саналган "Банктар аралык процессинг борбору" ЖАКсы, өлкөнүн төлөм системасынын катышуучулары менен бирдикте финансы рыногун өнүктүрүүнү жана аны санариптештирүү процессин тездетүү боюнча чараларды өткөрүүдө, калктын финансылык кызмат көрсөтүүлөрүнө жеткиликтүүлүгүн жеңилдетет жана Кыргыз Республикасынын аймагында QR-төлөмдөрдүн бирдиктүү системасын түзөт.

Ошентип, бүгүнкү күнгө чейин "Банктар аралык процессинг борбору" ЖАКсы, "Инфоком" Мамлекеттик ишканасы жана "РСК Банк" ААК менен бирге бардык Калкты тейлөө борборлорунда (ЦОН) RSK24 жана ЭЛКАРТ Мобайл мобилдик тиркемелери аркылуу паспорт алуу үчүн QR-кодду сканерлөө аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгүн ишке киргизди.

Учурда Калкты каттоо бөлүмдөрүндө (ЗАГС), "Унаа" Мамлекеттик ишканасында (автоунааларды каттоо) "Коопсуз шаар" долбоору боюнча айыптарды төлөөнү, Жогорку окуу жайларында окуу акысы, коомдук шаардык транспортто жүрүү үчүн жол кире төлөө ж.б. кызматтары үчүн накталай эмес түрдө QR-код аркылуу төлөөнү киргизүү боюнча иштер жүрүп жатат. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн тышкары, үйдүн жанындагы соода түйүндөрүнөн тартып, өлкөнүн ири соода борборлоруна жана базарларына чейин улуттук стандарттагы QR-кодду колдонуу менен төлөмдөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн кеңири жайылтуу пландаштырылууда.

Белгилей кетсек, эми RSK24 мобилдик тиркемесинен ЭЛКАРТ Трейд же ЭЛКАРТ Мобайл мобилдик тиркемелеринин пайдасына төлөмдөрдү жүргүзүүгө болот жана бизнес-секторунун өкүлдөрүнө ар кандай системалардан QR-код аркылуу төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн бир гана өнөктөш болушуна мүмкүнчүлүк түзөт.

"ЭЛКАРТ Мобайл" мобилдик тиркемеси каалаган ЭЛКАРТ картасынын ээлерине өздөрүнүн банктык картасын башкарууга, тез төлөмдөрдү жүргүзүүгө жана мобилдик телефондун жардамы менен ЭЛКАРТ карталарынын ортосунда ыкчам акча которууларды комиссиясыз жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

24/7 режиминде бардык ЭЛКАРТ карталарынын ээлерине картанын номери, телефон номери жана QR-коду боюнча заматта акча которууларды жөнөтүүгө, ошондой эле 200дөн ашык кызматтар үчүн төлөмдөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берет, анын ичинде байланыш кызматтары, Интернет, коммуналдык төлөмдөр, салыктар, депозитти толуктоо, өлкөнүн банктарында же микрофинансылык уюмдарында насыяларды төлөө ж.б. толугу менен КОМИССИЯСЫЗ ТӨЛӨӨГӨ МҮМКҮН.

ЭЛКАРТ Мобайл тиркемесин колдонуу үчүн сиз ЭЛКАРТ төлөм картасынын ээси болушуңуз керек же каалаган коммерциялык банкта ЭЛКАРТ картасын ачып, телефон номери боюнча катталып, идентификациянын эң оңой ыкмасынан өтүп, ЭЛКАРТ картаңызды кошуңуз жана тиркеме менен колдонуңуз.

Ошондой эле "Банктар аралык процессинг борбору" ЖАКсы ЭЛКАРТ улуттук төлөм системасынын оператору катары сатып алуучуларга/керектөөчүлөргө накталай эмес түрдө товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөм жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүчү алдыңкы продукттарды жана кызматтарды киргизүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү улантууда жана жакынкы келечекте мобилдик телефон аркылуу төлөмдөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүчү (NFC колдоосу менен) ЭЛКАРТ Pay функциясын киргизүү пландаштырууда.

"Банктар аралык процессинг борбору" ЖАКсы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2015-жылдын 12-майындагы № 2001120515, 2020-жылдын 20-февралындагы № 3030200220 лицензияларынын негизинде төлөм системасынын оператору жана төлөм уюму катары иш алып барат. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында өз ара иш алып баруу оператору катары катталган (каттоо № 6001280220 28.02.20).

Суроолор боюнча +996 (312) 637696 номерине кайрылыңыз.

Исп. Сабыракун А. (вн. 221)

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7011